Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аманбаев: Президенттик шайлоо абдан таза өтүп жатат

30.12.2020 16:28
2001
Аманбаев: Президенттик шайлоо абдан таза өтүп жатат

Кыргызстанда бул жолку президенттик шайлоо мурдагы шайлоолорго салыштырганда абдан таза өтүп жатат. Бул тууралуу 30-декабрда “Азаттыктын” эфиринде өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев билдиргенин аталган үналгы жарыялады. 


 “Айрым талапкерлердин айыптоолору жөн калбайт. Бирок алар конкреттүү факт менен кайрылса сөзсүз чара көрүлөт. Ар бир талапкердин ички дүйнөсүнө, ниетине жараша болот. Алар ошондой сөздөрдү айтуу менен кандайдыр бир саясий упай топтогонго аракет кылып жаткандыр, мүмкүн. Буга чейинки шайлоолорго салыштырганда азыркы шайлоо абдан таза өтүп жатат. Добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу деген жок. Дарыгерлерди, мугалимдерди зордоп добуш бердиртүү жок. Баарына бирдей шарт түзүлүп берилди. Бул абдан чоң мүмкүнчүлүк. Тилекке каршы, ушундай мүмкүнчүлүктөн пайдалануунун ордуна жеке асылууларга жол берилип, туура эмес сын айтууга өтүп алышты”, - дейт ал.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Нургуль.
Аманбаев сен да Садырга окшоп алдабачы,жолугушууларга элди ташып зордоп алып келгендерин укпадынбы,пахтаны азыраак койсон.
Ильясидин Досанов
Эн таза отот шайлоо тарыхта калат
Мелис
Админ рисурс 100 пайыз колдонулуп жатат таза шайлоо болбойт бари бир Садыр Жапаров мыйзамдарды бузуп жатат кундуго
Жибек
Туура айтасыз
Гулгакы
Эн туура кошулам!!! Факт менен корсотулуп турса да коргулору, уккулары келбей жатат. Мугалимдер, искусство адамдары сайрап эле айтты го стадиондо, жогору жактын буйругу менен келдик деп!!!!
Таа
Ыплас отуудо,жалган айтиы.