Бугу 10, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Дыйкандар Кайыңды, Кошой заводдоруна нааразы”

23.10.2023 10:25
1124
Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Дыйкандар Кайыңды, Кошой заводдоруна нааразы”


- Аманкан Батырбекович, учурдагы кызылчачылардын көйгөйү жөнүндө айттыңыз. Маселе эмнеде экен?


- Бүгүн биздин кызылча өндүрүүчүлөрдөн Кайыңды жана Кошой заводу боюнча көп кайрылуулар, нааразычылыктар келип түшүүдө. Кызылчанын кирдиги (грязность) боюнча маселе болуп жатыптыр. Былтыр өткөргөндөр 4-6 пайыз менен өткөрсө, быйыл 10-12 пайызга чейин чыгарып коюшуптур. Дыйкан чарбалары быйыл кызылчаны чоң кыйынчылык менен өндүрүштү, суу маселеси болду. Түшүмдүүлүк да быйыл азыраак. Заводдор болсо кирдүүлүктү көбөйтүп, дыйкандарды огобетер чыгымга батырууда. Ошон үчүн мен комиссия түзүп, маселени жеринен барып текшерүүнү сунуштадым. Лабораториялар кирдүүлүктү туура коюп берүүгө тийиш. 


- Быйыл кызылча былтыркыга караганда көбүрөөк айдалды окшойт?


- Былтыр Чүй облусу боюнча 8,5 миң гектарга айдалган. Быйыл 13,5 миң гектарга чейин көбөйдү. Бирок, суу таңкыстыгына байланыштуу түшүм бир аз начар болду. Ошон үчүн дыйкандын эмгегин жебей, кирдүүлүгүн туура талдап, адилеттүү кабыл алса деген ойду айтып жатабыз. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн