Америкалык жазуучу, “Күйөңдү кантип өлтүрүү керек” китебинин автору Нэнси Крэмптон-Брофи өзүнүн өмүрлүк жарын өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кылмышка 1 миллион доллар өлчөмүндөгү камсыздандырууда турган каражат себеп болгон. Ал эми жакында эле бул факт боюнча соттун угуусу башталган.
“Күйөңдү кантип өлтүрүү керек” чыгармасы 2011-жылы ноябрь айында жазылган. Башкы ашпозчу болуп эмгектенген Дэн Брофи 2018-жылы 2-июньда Портленд шаарындагы Орегоне кулинариялык институтунда октон көз жумган. Бул ишке шектүүнү 3 ай өткөндөн кийин кармаган.
Прокурордун көрсөтмөсү боюнча үй-бүлөдө соңку жылдары каржы жактан кыйынчылык болгон. Дэн Брофи камсыздандыруудагы 1 150 000 долларды алууда негизги адам болгон. Мындан сырткары жубайлар капитал катары 312 миң доллар топтогон. Айыптоочулардын пикири боюнча, Нэнси Крэмптон-Брофи жолдошу кайтыш болсо баардык каражаттарды алмак. Ал үйүн сатып, дүйнөнү кыдырууну болжолдогон, бирок жазуучу өзүнүн күнөөсүн моюндабай жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн