Бугу 21, 2024
Убакыт: 05:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Америкада башаламандыкта Трамптын тарапташтары Конгресс үйүнө кирип барды (Сүрөт)

07.01.2021 08:30
587
Америкада башаламандыкта Трамптын тарапташтары Конгресс үйүнө кирип барды (Сүрөт)


6-январда АКШнын борбору Вашингтондо азыркы президент Дональд Трамптын тарапташтары чогулуп ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.


Миңдеген адамдар көчөдө Трампты колдоо лозунгу менен өз талаптарын айтып АКШ Конгрессинин имаратынын алдында топтолгон. Алар полиция кызматкерлеринин көздөн жаш агызуучу гранаталарды колдонгонуна карабастан полиция чынжырын бузуп имаратка кирип башаламандык уюштурган.


Конгресс имаратындагы чиновниктер эвакуацияланган. АКШ сааты боюнча кечки 18:00дө Коменданттык саат киргизилди.


Вашингтондогу башаламандыкты токтотуу үчүн Нью-Йорктон улуттук гвардиянын аскерлери тартылууда.


Ал учурда жаңы шайланган Джо Байден Трампты тарапташтарын токтотууга чакырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн