Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Америкалыктарды кыргыздар шыктандырдыбы? (сүрөт баян)

07.01.2021 14:24
896
Америкалыктарды кыргыздар шыктандырдыбы? (сүрөт баян)


АКШнын борбору Вашингтондо 6-январда президент Дональд Трамптын жактоочулары митингге чыгып, депутаттар жыйын куруп жаткан Капитолийдин имаратына басып кирди. Массалык башаламандык менен коштолгон акцияда 4 адам каза болуп, бир нечеси жаракат алганы кабарланууда. Колумбия округунун мэри Мюриэл Баузер коменданттык саат киргизип, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 


АКШда мында окуя болору буга чейин күтүлгөн эмес. Аталган мамлекетте он миңдеген адамдардын катышуусунда өткөн митингдер да тынч маанайда уланып, акцияга чыккандар талаптарын айтып гана тарап кетчү. Бул жолку көрүнүш өзгөчө болгонун дүйнөлүк маалымат каражаттары жазууда. Кыргызстанда аянтка эл көбүрөөк топтолуп, талаптар катуулаганда имараттарды басып алуу көрүнүшү тынбай кайталанып келет. Бул жагынан алып караганда америкалыктар кыргызстандыктарга шыктанып, биздин жолго түшкөн жокпу?

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн