Бугу 06, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Андрей Кондрашов КМШнын маалыматтык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

12.09.2023 16:51
199
Андрей Кондрашов КМШнын маалыматтык кеңешинин төрагасы болуп шайланды


ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов КМШнын маалыматтык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Мындай чечим курамына КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат каражаттарынын жетекчилери кирген маалыматтык кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө.

Кесиптештери Андрей Кондрашовду куттукташып, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалашты.

"Мен биздин жалпы кызыкчылыктарыбызды илбирстей коргойм. Мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн терең ыраазычылык билдирет", - деди Кондрашов.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат каражаттарынын жетекчилери кирген маалыматтык кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Кеңештин ишине ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов, ТАССтын башкы директорунун орун басары Михаил Гусман, Беларусь телеграфтык агенттигинин башкы директору Ирина Акулович жана КМШнын медиа структураларынын башка көрүнүктүү өкүлдөрү катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн