Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кой көз король

04.02.2021 22:17
1077
Кой көз король


Анна Ахматова

Коён көз король 


Сага даңк оору, жан-дүйнөм эзип бийлеген!

Кечээ, кой көз король өттү жалган дүйнөдөн.


Думуктурган күздүн кечи, жарык болчу айлана,

Күйөөм сырттан келип эле, айтты муну жай гана:


“Билесиңби, аңчылыкка чыгыптыр дейт үйүнөн,

Анан сөөгү табылыптыр карт эмендин түбүнөн. 


Королева жапжаш эле! Азапка абдан батканы!

Бир түндө эле агарыптыр, бири калбай чачтары.” 


Деди дагы, меш үстүнөн таап алып канжасын,

Адатынча түнкү ишине чыгып кетти ал бачым.


Бир мемиреп уктайт кызым, мен ойготуп алайын, 

Кой көздөрүн көзүм талып, канганымча карайын.


Ар жагында терезенин терек  шуулдайт, термелет,

“Королуң жок, канттиң эми” деп жатышат өңдөнөт.


* * *

Слава тебе, безысходная боль!

Умер вчера сероглазый король.


Вечер осенний был душен и ал,

Муж мой, вернувшись, спокойно сказал:


«Знаешь, с охоты его принесли,

Тело у старого дуба нашли.


Жаль королеву. Такой молодой!..

За ночь одну она стала седой».


Трубку свою на камине нашел

И на работу ночную ушел.


Дочку мою я сейчас разбужу,

В серые глазки ее погляжу.


А за окном шелестят тополя:

«Нет на земле твоего короля...»


Которгон журналист Темирбек Алымбеков

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн