Жыл сайын сентябрда Apple компаниясы дүйнөгө жаңы iPhone моделдерин сунуштайт. Көп нерсе алдын ала белгилүү болгону менен, Apple компаниясы майда-чүйдөсүнө чейин өзгөртүү киргизип, таң калтырууну улантууда. iPhone 17 сериясында дал ушундай көрүнүш күтүлүүдө. Сыртынан көп деле өзгөрбөгөндөй сезилгени менен, ичинде чоң өзгөрүүлөр бар.
Бул сериянын эң чоң жаңылыгы — ультражука iPhone 17 Air. Анын калыңдыгы болгону 5,5 мм болуп, бул Apple’дин тарыхындагы эң жука iPhone болот. Салыштыруу үчүн: iPhone 6 — 6,9 мм болгон.
Негизги өзгөчөлүктөрү:
- 6,6 дюйм экран;
- Салмагы: 145 грамм;
- Бир арткы камера;
- Физикалык SIM жок (eSIM гана);
- Бир гана динамик;
- Түстөрү: кара, күмүш, алтын жана жаңы ачык көк .
Ультражука корпусунун айынан аккумулятору начар экени айтылууда. Ошондуктан, Apple атайын аккумулятордук кап менен чыгарууну пландап жатат.
Калган моделдерде эмнелер өзгөрөт?
- Жаңы чипсет (мүмкүн A19 Bionic);
- Жакшыртылган дисплей жана камералар;
- Материалдык өзгөрүүлөр, салмак жана форм-факторлор.
iPhone 17 Air формасы менен таң калтырса, Pro версиялар күчтүү функционалдуулукка басым жасайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн