Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ар бир адамдын өмүрү жана Мекендин ар бир карыш жери биз үчүн аманат

30.04.2021 10:13
710
Ар бир адамдын өмүрү жана Мекендин ар бир карыш жери биз үчүн аманат


Урматтуу элим!!!
Эки күндөн бери өлкөбүз өтө оор кырдаалды баштан кечирүүдө. Мамлекеттин бүтүндүгү коркунучка кептелип, Баткен облусунун аймагында жашаган мекендештер жана аскер күчтөрү оор ахвалда калды. Мындай учурда саясатчы, жөнөкөй жаран, аскер адамдары, бардыгы биримдикке келип, бир муштумдай түйүлүүгө тийиш. Ошондой эле акылман элибиз айрым сырткы күчтөрдүн, Мекендин тынчтыгын бузууга аракет кылган тараптардын жетегине түшпөй, ынтымак жана сабырдуулукту карманышы зарыл. Мамлекетибизге өз колдообузду көрсөтөлү деп чакыргым келет. Өлкө башчы да болгон аракеттерин кылып ,тийиштүү кадамдарын жасап жатат. Эки элдин ортосундагы алаканын алкагында сүйлөшүүлөрдү жургүзүп жаткан учурда баардыгыбыз өлкө башчыга жардам беришибиз керек. Мына Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйыны өттү. Учурдагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков башында турган жумушчу топко тапшырылды. Кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салып алалы. Улуу Орозо айында башыбызга келген мындай оор кырдаал да коңшу мамлекеттин жетекчилиги жана күч түзүмдөрү акыл калчап, дипломатиянын чегинде иш алып барат деген ишенимдемин. Биз тараптан дагы сабырдуулук менен маселени терең талдап билүү зарыл. Ар бир адамдын өмүрү жана Мекендин ар бир карыш жери биз үчүн аманат.

Мекен баарыбыз үчүн кымбат. Ал эми генерал үчүн эки эсе болууга тийиш. Күч түзүмдөрүн жетектеген офицер катары тажрыйбамды, күчүмдү Мекен үчүн даярмын жана бардык запастагы офицерлерди катарга турууга чакырам. Мекен бирөө. Ал-Кыргызстан...

Генерал Мелис Турганбаев
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Туура соз бирок дасыккан,Баткенди жеринен мыкты билген дипломат барганда.Новиков жаш билбейт ал жерлерди.Кадр туура емес тандалууда