Арал постунда жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
Жалал-Абад облусу, Токтогул району. Бишкек-Ош унаа жолунун 198-270-чакырымдарында кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында саат 11:30дан тартып Арал постунда оор жүк ташуучу унаалардын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
№23 ЖТИнин кызматкерлери тарабынан жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн