Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Араванда 3-июндан бери дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкектен табылды

20.06.2022 09:46
629
Араванда 3-июндан бери дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкектен табылды

Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу  Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Ал ушул жылдын 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында үйдөн чыгып кеткени, андан кийин дайынсыз жоголгону маалымдалган. 


Аталган факт Араван райондук милициясына катталып, издөө иштери башталган. Ал Бишкектин аймагында болушу мүмкүн деген маалыматтар дагы текшерилген. 


Дайынсыз жоголгон кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. 


2022-жылдын 14-июнунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан жашы жете элек кызды табышкан. Андан ары туугандарына өткөрүп берүү үчүн Ички иштер министрилигинин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборуна жеткирилген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн