Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Араванда алдоо жолу менен жарандын 150 миң сомун ээлеп алган шектүү кармалды

26.04.2021 16:48
652
Араванда алдоо жолу менен жарандын 150 миң сомун ээлеп алган шектүү кармалды

Ош облусунун Араван районунда алдоо жолу менен жарандын 150 миң сомун ээлеп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Араван районунун тургуну ачык түрдө алдамчылык фактысынын курмандыгы болгондугун айтып ички иштер органдарына кайрылган.


2019-жылдын аягында И.А. аттуу жаран жергиликтүү тургундун ишенимине кирип, алдоо жолу менен 150 миң сомдук каражатын ээлеп алган. Жабырлануучунун сөзүнө караганда, шектүү жаран алган акчасын ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес жана кайтарып бербөөсүн билдирген.


Аталган факты боюнча чогултулган материал Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 204-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ушул жылдын 5-апрелинде Араван районунун 49 жаштагы И.А. аттуу тургуну кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.


Азыркы учурда иликтөө иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн