Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:50
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Араванда миңдей адамды жумуш менен камсыздаган ири мөмө-жемиш багы бар (фото)

11.06.2020 16:55
1800
Араванда миңдей адамды жумуш менен камсыздаган ири мөмө-жемиш багы бар (фото)


Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда Араван районунун Найман айылындагы экспортко багытталган жана түшүм жыйноо мезгилинде миңге чейин адамды жумуш менен камсыздай алган ири мөмө-жемиш багын көрүп чыкты.

Жергиликтүү ишкер айым Гүлзар Абдылдаева толугу менен тамчылатып сугарылган бактын 183 га аймагында 100 миңден ашуун шабдалы, алча, бадам жана жаңгак көчөтү отургузулганын маалымдады. Электр линиялары тартылып, кошумча трансформатор коюлган. Сугаруу үчүн 12 суу топтоочу цистерна орнотулган.

Бул долбоорго тартылган жергиликтүү инвестициялардын жалпы көлөмү 70 миллиондон ашуун сомду түзгөн.

Ал мамлекет башчысы менен маек баарлашууда бактын аймагына логистикалык борборду жана жемиштерди кайра иштетүүчү цехти куруу пландары менен бөлүштү. Учурда аны куруу үчүн жеңилдетилген кредитке муктаждык бар жана бүгүнкү күндө анын долбоору менен чыгым сметасы даярдалган. Логистикалык борбор анын гана бизнесине эмес, жакынкы аймактарда багбанчылык менен алектенген башка дыйкандарга да кызмат кылмакчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков ата мекендик айыл чарбаны өнүктүрүүгө жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган ушул сыяктуу долбоорлор өлкөнүн каржы институттарынан колдоо табарын баса белгилеп, жергиликтүү бийлик органдарын логистикалык борбордун курулушуна көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы жигердүү эмгеги үчүн ишкер айымга ыраазычылык билдирип, анын бизнесине заманбап технологиялардын киргизилишин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба продукциялары менен тышкы рыноктордо алдыңкы орундарды ээлей алаарын дагы бир жолу баса белгилеп, өлкөнүн экспорттук потенциалын өстүрүү үчүн бул сыяктуу ишкердик демилгелерди колдоонун өзгөчө маанисине токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн