Бугу 11, 2024
Убакыт: 13:04
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Арча-Бешикте жаңы төрөлгөн ымыркайды таштаган жаш эне үй камагына чыкты

22.11.2023 13:27
158
Арча-Бешикте жаңы төрөлгөн ымыркайды таштаган жаш эне үй камагына чыкты


Бишкектин Ленин райондук соту "Арча-Бешик" конушунда жаңы төрөлгөн баласын тосмонун астына таштап кеткен эненин баш коргоо чарасын аныктады. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Жаш эне үй камагында болот.


Эскерте кетсек, 19-ноябрь күнү саат 22.45 чамасында 102 кызматына Арча-Бешик конушунда, Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин тосмосунун жанынан пластик пакетке оролуп, кутуга салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды. Милиция кызматкерлери 2003-жылы туулган баланын апасы С.Ж.ны РИИБдин тергөө кызматына алып келишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн