Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ал эми Уланбек Калманбетов берген арызынын негизинде министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн