Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 08:57
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Арыктаганымдыктан тааныбай калды. Токтайым Үмөталиева Акаев эмне үчүн кучактабай койгону боюнча үн катты

03.08.2021 13:15
3466
Арыктаганымдыктан тааныбай калды. Токтайым Үмөталиева Акаев эмне үчүн кучактабай койгону боюнча үн катты

Кечээ, Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин  Токтайым Үмөталиева журналисттерден алдың аны менен учурашып, кучактайын дегенде мурдагы президент аны четке каккан.


Бул окуя тууралуу укук коргоочу "Кактус.медиага" айтып берген.


Анын айтымында, Акаев аны тааныбай калган.


"Аскар Акаев мени тааныбай калды окшойт. Ал журналисттердин арасынан эле чыга калсам журналист окшойт деп ойлоду окшойт.

Мен мурда толук элем. Ошондой элестетсе керек. Азыр 20 килограмм таштап арыктап калганмын",- деди Үмөталиева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн