Бугу 04, 2024
Убакыт: 18:58
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Армен Джигарханян кайрадан ооруканага жаткырылды

08.06.2020 17:04
941
Армен Джигарханян кайрадан ооруканага жаткырылды

Советтик жана россиялык белгилүү актер Армен Борисович Джигарханян Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылгандыгын анын жакын досу Артур Согомонян РИА “Новостиге” кабарлаганы маалым болду.


Актердун ден соолугу 2016-жылдан бери эле жайында эмес, ага аялы Виталина Цымбалюк-Романовская менен ажырашуусу да себепчи болгон. 2016-жылы ал кант диабети менен ооруп ооруканага жаткан. 2018-жылдын 26-апрелинде болсо инфаркт алып, комага түшүп калган. Бактысына жараша дарыгерлердин күчү менен өзүнө келген.

Ал эми өткөн жылдын сентябрь айында экинчи жубайы Татьяна Власова Америка Кошмо Штаттарынан кайтып келип, актёрду карап жата деген маалымат тараган. Актёр ал жубайы менен 2015-жылы расмий турдө ажырашкан эле. Ал эми еврей улутундагы үчүнчү жубайы Виталина Цымбалюк-Романовскаяга 2016-жылы үйлөнүп, аны менен 2017-жылдын ноябрь айында ажырашкан.


Армен Джигарханян СССРдин эл артисти. 1935-жылдын 3-октябрында Арменияда туулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн