Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 21:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Арслан Койчиевдин көп катмарлуу “Бакшы менен Чыңгысхан” романы тууралуу учкай сөз

25.01.2023 15:45
6435
Арслан Койчиевдин көп катмарлуу “Бакшы менен Чыңгысхан” романы тууралуу учкай сөз


Кийинки жыйырма жыл ичинде, айрыкча анын акыркы он жылында бизде эле эмес дүйнөдө китеп окуу аздады. Бардыгыбыз жапырт телефон чукуп калдык. Өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарында Москвада метродо бардыгы китеп окуп бараткан болор эле. Мындан 5-10 жыл мурда телефон чукуп калышкан, азыр эми анча-мынчасы кайра китеп окуганга өтүптүр. Америкадагы неберелеримди сураштырсам, китептерди улам алмаштырып (достору менен) окуй башташканын айтышат. Бизде болсо, өткөндө Абдиламит Матисаковдун китебине жазган пикиримде чакан-чакан аңгеме, повесттердин арааны жүрүп атат дегендей ой айттым эле. Анткени, чоң-чоң романдарды азыр окуш үчүн кандайдыр бир азыркы адамдарда убактысы да, чыдамы да жетпегендей эле сезиле берет. Ал эми кичинекей аңгеме болсо 10-15 мүнөт окулуп аягына чыгат, дагы эки-үч күндөн кийин кийинки аңгемени окуй берет. Ал эми чоң романды антип окуй албайсың. Антип 10-15 мүнөт окуп, анан 2-3 күндөн кийин кайрылсаң, анда башын унутуп каласың. Ошондуктан романды атайылап убакыт таап, өтө кунт коюп окуш керек.


Эми Арслан Койчуевдин “Бакшы менен Чыңгысхан” чыгармасына келсек. Мен көп жылдан бери Арсланды кыргыз тарыхынын көйгөйлүү маселелерин чагылдырган материалдарынан жана профессионал журналист катары олуттуу макалалары аркылуу эле таанычу элем. Ал өзүнүн алгачкы “Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)” деген романы менен кыргыз адабиятына батыл кирген. Биздеги дөө-шаа жазуучуларыбыз аңгеме, повесть жазып, анан романга өтүшчү эле, Арслан шак эле кыргыздын трагедиялуу мезгилин башкачараак өңүттөн чечмелеши менен кыргыз адабиятына өз почерки бар романист бойдон кирип келди. Андан кийинки эки романы да өзүнчө сөз кылууга арзыган чыгармалар. Биз сөз кыла турган чыгарма “Бакшы менен Чыңгысхан”. Бул китеп мындан 2-3 жыл мурда эле колума тийсе да, жогоруда айтылгандай шарт болбой, окулбай, улам кийинкиге калып келди. Улам окуйм деп күн сайын эле жүрөккө жакыныраак жерге коюп коём, бирок шарт боло бербеди. Ушундай мезгилде дарыланыш керек болуп, жок эле дегенде 10-12 күн майда-чүйдө күнүмдүк нерселерди таштап, жалаң “Бакшы менен Чыңгысханды” гана окуганга жакшы мүмкүнчүлүк болуп калды.


Китептин башталышын, эң алгачкы абзацын окуганда эле андан аркы сюжети кандай кетерин аңдаганга аракет кылам. Мисалы, Валентин Распутиндин “Эсен болуп, эстей жүрү”: ...кырк бешинчи жылдын кышы, ит өлгөн суук. Бир күнү эле Михенчтин сыртта калган балтасы жоголуп кетти” деп башталса, Чыңгыз Айтматовдун “Бетмебети” “Кичинекей станция, күн суук... Вагондон бөлүнгөн караан шырп алдырбай бадалдарга өңүп барып боортоктоп көрүнбөй калды” деп башталат.


Ал эми Арсландын “Бакшы менен Чыңгысханы” “Биринчи катчынын алдын ала айтуусу менен төрдөн төрт орундукту бош калтырып... бирин-бири тик багып карай албай, көздөрүн ала качып, коммунисттик сүкүт салып, шүк отурушту...” дегендин өзү эле алдын ала көп нерсеге үмүт кылып койду. Советтер Союзу жоюлган кездеги 10-15 жаштагы жигит-кыздар азыр 40-45 жашка барып калышты. Демек, алар биринчи катчыны да, коммунисттик сүкүт тартып отурганды да элестете алышпайт. Анткени алар “биринчи катчыны” биле беришпейт. “Биринчи” деген персона райондо, шаарда, облуста, кала берсе республикада да жалгыз Кудай. Анын амирисиз район, шаар, облус, республикада эч нерсе чечилбейт, куурайдын башы сынбайт. Бирок... бирок деген жери бар. Алардын бардыгы Москва, Кремлден бирөө жарым текшерип келип калса, мышыктан корккон чычкандай болуп калышат. Кремлден кимиси келбесин, жергиликтүү Кудайлардын үстүнөн главный Кудай. Демек, чыгарма башталганда эле, баамыбызда Ташкентте кандайдыр бир өтө маанилүү, өтө олуттуу маселе каралат шекилди. Мына ошентип окуялар чиеленишип, улам тереңдеп, улам кызыгы чыгып, баш көтөртпөй тартып алып кетет. Менин дагы бир байкаганым, Арсландын бул чыгармасын улам нарылап барган сайын М.Булгаковдун “Мастер жана Маргаритасын”, Г.Г. Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы”, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күнү”, кала берсе, С.Раевдин “Жанжазасы” менен анча-мынча тааныштыгы барлар кандайдыр бир жакындыкты сезишет. Бул деген алардан бирдекени кымтып алды дегендик эмес, тескерисинче, автор ушул биз атаган авторлор эле эмес дүйнөлүк адабияттын дөөшаалары менен да жакшы тааныш экендиги, алар колдонгон методиканы өзүнө тийешелүү спецификасы менен өтө чеберчиликте, өтө кылдаттык менен пайдала алгандыгында турат. Башкача айтканда, жазуучунун философиялык ой жүгүртүүсү, ойлоо менен акыл чабытынын чексиздиги, кенендиги, сүрөткерлик милдетти терең түшүнгөнү жана аны окуучуларына аз-аздан жеткирип отурушу. Бул материалды жазаарда Р.Гамзатовдун “Менин Дагестаным” деген китебин баштаарда “Дагестан жөнүндө миңдеген адамдар менен сүйлөштүм, миңдеген материалдарды чогулттум, эми булардын бардыгын кантип бириктирип бир китеп кылаар экенмин” дегениндей, мен да Арсландын бул көп кырдуу, көп катмарлуу чыгармасын окуп бүтүп, белгилеген жерлеримди, жазып койгон ойлорумду кантип бириктирип, кичинекей пикир даярдайт экенмин деп бир топ ойлондум. Чыгарма тээ атам замандан башталып, сыдыргыга салып келип, Чыңгысхандан өтүп, биздин күндөргө чейин келет.


Ошондуктан бул чыгарма мага окшогон орто окумал интеллигенцияга да, адабиятка кызыгып окуп жүргөн жөнжай адамга да, атүгүл адабияттын теориясы менен практикасын чемичкедей чаккан профессионал мыкчегерлерге да бирдей таасир калтырат. Аталган группадагылардын ар кимиси өзүнүн дарамет- дасмиясына жараша кабылдап, өзүнүн деңгээлине жараша чечмелеп, даярдыгына жараша эстетикалык рахат алат. Айталы, Чыңгысхан жөнүндө жүздөгөн, мүмкүн миңдеген адамдар жазгандыр. Бирөөсү аны “кан ичкич тиран” десе, дагы бири тескерисинче, “мамлекетчил, кайталангыс кол башчы” деп сыпатташат. Ошондуктан бул чыгарманы кунт коюп окуп жатканда тарых менен тагдырлардын пародиясына да окшоп кетет. Демек, бул биз белгилеген көп катмардын бир катмары катары кароо керек. Ал эми Чыңгысхандын образы Арсландын чыгармасында өзү эмес, анын арбагы биздин үстүбүздөн сабалап учуп, көз салып жүрбөйбү. Менин оюмча, муну да өзүнчө тарыхтын тамашасы катары карасак болот. Ошондуктан мен китептеги кайсы бир эпизодду алып, аны чечмелеп, “ал жери андай, бул жери мындай” дегенден алысмын. Аны адистер гана айтат. Албетте, ар бир окурман өз түшүнүгүнө жараша жыйынтык чыгарат. Демек, китеп сүйүүчүлөрдүн көз карашынын ар кыл болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш десек болот.


Сөзүмдүн аягында, кыргыз жазуучуларынын катарына өз почерки, өз позициясы бар, эч кимге окшобогон, даярдыгы жетиштүү Арсландын шыр кириши дагы көп нерсени үмүттөндүрөт. Ал эми “Бакшы менен Чыңгысхан” дүйнөнүн кайсы тилине которулбасын, кайсы типтеги мамлекетте окулбасын, бизде кандай резонанс жаратса, ошол жерде да ошондой эле тагдыр күтөт. Анткени анда жалпы адамзаттык маселелер турат, бул кайсы кылым болбосун актуалдуулугун жоготпойт.


Жолборс Жоробеков, саясый илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн