Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Артем Новиков Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлү менен жолугушту

20.11.2020 18:48
490
Артем Новиков Дүйнөлүк банктын КРдагы өкүлү менен жолугушту


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банк Кеңсесинин Жетекчиси Навид Накви менен жолугуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Эки тарап өлкөдөгү саясий жана экономикалык абалды талкуулады. Дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстан менен тыгыз байланышты улантууга кызыкдар экенин билдирди.


"Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына өнүгүүнүн бардык маанилүү багыттарында олуттуу колдоо көрсөткөн биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналат. Дүйнөлүк банк тарабынан кризистин кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүлүп жаткан көмөгүнө кубанычтабыз. Биз үчүн коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү. Биргелешкен күч-аракет аркылуу экономиканы стабилдештирүү боюнча антикризистик чараларды ишке ашырабыз жана өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди минималдаштыра алабыз деп ишеним билдирем" ,- деди Новиков. 

Ал эми Навид Накви Кыргызстанда бир топ пландар жүрүп жатканын белгиледи.

"Учурда республикада жалпы суммасы 750 миллион доллар болгон 24 долбоор ишке ашырылууда. Учурда бул сумманын 10% гана тартылган. Демек биздин кызматташтыктын белгиленген пландарын жүзөгө ашыруу үчүн  колубузда олуттуу сумма бар. Дүйнөлүк банк тобу келечекте каржылык жардам көрсөтүүгө даяр", -деди Накви.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн