Бугу 20, 2024
Убакыт: 16:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Артём Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

27.10.2020 12:06
411
Артём Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы билдирди. 

«Россия ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык жана негизги соода-экономикалык өнөктөшү болгон жана болуп кала берет. Ошондой эле биз эки тараптуу жана көп тараптуу форматта мурда кабыл алынган бардык милдеттенмелерди жүзөгө ашырабыз. Кыргыз тарап эки тараптуу соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтыкты, ошондой эле Евразия экономикалык интеграциясы жана КМШ алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча жигердүү ишти уланта берет», - деди Артём Новиков.  

Өз кезегинде Николай Удовиченко Артём Новиковду биринчи вице-премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. 

«Кыргызстандагы кырдаалга карабастан, россиялык инвесторлор кыргыз рыногунда иштөөгө чоң кызыгуусун билдиришет жана маанилүү маселелердин бири - инвесторлорду, анын ичинде россиялык инвесторлорду мамлекеттик деңгээлде коргоо жана алардын өлкөдөгү коопсуздугун камсыз кылуу. Россия Федерациясы Кыргыз Республикасы үчүн союздаш деп эч күмөн санабай эле айта алам», - деди ал. 

Артем Новиков Россия тарап менен натыйжалуу экономикалык кызматташтык түзүлөрүн айтып, жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт деп ишендирди.

Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине кошулуу боюнча техникалык көмөк алкагындагы Россия Федерациясынын бажы жана лабораториялык жабдууларды берүүсүнө, салык тутумун модернизациялоо жана маркировкало тутумун киргизүү, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүгө байланыштуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Аталган долбоорлордун натыйжалуу жыйынтыкталышы Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалынын деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берип, өлкөлөр ортосундагы экономикалык интеграция деңгээлин күчтөндүрөт. Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса бегилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн