Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Артем Новиков Россиянын элчиси менен кандай маселелерди талкуулады?

29.12.2020 20:52
653
Артем Новиков Россиянын элчиси менен кандай маселелерди талкуулады?

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Артем Новиков белгилегендей, бүгүнкү күндөгү байланыштардын динамикасы эки өлкө ортосундагы мамилелердин деңгээлин мыкты көрсөтүп турат.


«Ириде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан россиялык тарапка бюджеттик тутумду турукташтырууга 20 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү өз учурунда көрсөтүлгөн финансылык көмөгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Кабыл алынган чечим Россия Федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүүнү баскычтуу жандандыруу тууралуу үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Москва шаарында жетишилген макулдашуулардын далили болуп саналат. Бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан жарандар алдындагы бардык социалдык төлөмдөр бюджеттик каражат эсебинен толук көлөмдө каржыланды. Россиялык тараптын финансылык көмөгү бюджетти колдоого багытталат», - деди ал.


Өкмөт башчынын м.а. кошумчалагандай, Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасынын» долбоорун даярдоо тууралуу макулдашууга жетишилди.


Артем Новиков россиялык тарапка «Жол картасынын» даярдалган долбоорун алар тараптан каралып, толуктап чыгуу үчүн тапшырды.


«2021-жылы «Жол картасына» кол коюлушу өнөр жай кооперациясы жаатындагы долбоорлорду, экономикалык кызмтташтыкты кеңейтүү үчүн стимул катары, ошондой эле эки өлкө ортосундагы товар жүгртүү көлөмүн жогорулатууда маанилүү кадам болооруна ишенем. Келерки 2021-жыл кыргыз-орус мамилелерин чыңдоону улантуу, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, анын катарында Россия Федерациясы менен кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган жылдардан болот деп эсептейм. Кыргыз тарап Россия Федерациясы менен экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр», - деди Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.


Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.


Ал Россия Федерациясы натыйжалуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигине токтолду жана россиялык тараптын «Жол картасы» боюнча толуктоолору өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка жана гуманитардык долбоорлорду алга жылдырууга негиз болуп берээрине ишеним билдирди.


Эл аралык чартердик каттамдар маселеси боюнча Артем Новиков кыргыз авиакомпаниялары тарабынан Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын (ПЦР-тест) жоктугу тууралуу маалымдама тууралуу талаптардын милдеттүү түрдө аткарылышын эске алуу менен, Россия Федерациясына кирүүгө негизи болгон учурда жүргүнчүлөрдү эки тараптуу ташуучу чартердик каттамдарды аткаруусу үчүн Россиялык штабдын уруксаатын алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчүн билдирди.


Ошондой эле кыргыз тарап маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасында товарларды маркировкалоо жана көзөмөлдөө тутумун киргизүү боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору жактырылып, ага кол коюлду, ал дипломатиялык каналдар боюнча россиялык тарапка кол коюуга жөнөтүлмөкчү.


Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын катарында темир жол байланышын активдештирүү, коронавирус инфекциясынан вакциналарды сертификатташтыруу жана камсыздоо маселеси жана эки өлкөнүн тармактык ведомстволору ортосундагы COVID-19 диагностикалоо жана дарылоо боюнча мындан аркы кызматташтык маселеси талкууланды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жаңы жыл майрамына байланыштуу куттуктоолорун билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн