Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Артем Новиков кайрылуу жасады (Видео)

04.02.2021 07:11
560
Артем Новиков кайрылуу жасады (Видео)

Бүгүн жаңы өкмөттүн курамында  биринчи вице-премьер-министр кызматка келген Артем Новиков өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.


Анда Новиков премьер-министрлик жана биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аткарып турган кезде ага колдоо көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирген.


"Мени колдоп өтө оор жана саясий туруксуз абалда мага жана өкмөткө жардам көрсөткөн бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирем. Кыйын кезеңде өлкөнүн туруктуулугу жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн жана коронавирус инфекциясынын жайылып кетпеши үчүн колубуздан келген аракетибизди жумшадык.

Жаңы өкмөт башчы менен да бул багытта кандай гана аракет болбосун баарын элибиздин, мамлекетибиздин жыргалчылыгы үчүн жасайбыз" ,- деди Новиков.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн