Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мен бул долбоорго кокустан гана катыштым, - Осмонбек Артыкбаевдин соттогу акыркы сөзү

23.03.2020 10:32
700
Мен бул долбоорго кокустан гана катыштым, - Осмонбек Артыкбаевдин соттогу акыркы сөзү


23-мартта Бишкек ЖЭБин модернизациялоо  боюнча Бишкек шаардык сотунда отурум болду. Анда айыпталуучу катары С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев ,А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкулов өтүп жатат.  


Отурумдун жүрүшүндө Осмонбек Артыкбаев акыркы сөзүн айтты.


Ал болуп жаткан баардык нерсеге түшүнү менен карарын айткан.


“Менин бул долбоордо катышуум кокустук гана жана аз убакыт болгон. Маселени чечүү бир адамдан көз каранды болгон эмес, ал чоң саясаттан көз каранды болгон. Бул жерде отургандардын баардыгы ошол учурда иштеп, буйрукту аткаргандыгы үчүн олтурат. Мен да алардын биримин. Бул долбоорго бир нече министрлер тартылган. Мен 2013-жылдын орто ченинен иштегенмин. Менин катышуум, маалыматтык мүнөздөгү бир нече каттарды жана протоколдорду жазуудан турган. Мен юридикалык күчү бар келишимдерди жазган эмесмин”, - деген Артыкбаев.


Ошондой эле, ал адилеттүүлүкө ишенерин кошумчалаган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн