Кулжа 08, 2025
Убакыт: 17:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.20
100.20
RUB
1.095
1.125

Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева бир айга камалды

31.03.2022 12:42
547
Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу Батмакан Жолболдуева бир айга камалды

Баткендик журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.


Милиция каза болгон журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген.


Журналисттин өлүмүнөн кийинжабырлануучунун арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн