Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ашыкча салмактан арылтуучу суусундук

05.02.2024 16:24
344
Ашыкча салмактан арылтуучу суусундук


Ар кандай диета учурунда суюктукту көп ичүү керек. Суунун ордуна бул суусундукту ичсеңиз болот, ошондой эле Сасси суунун жардамы менен күнүмдүк диетаңызды мыкты жөндөй аласыз. Айрыкча жай мезгилинде, өтө ысык кезде муздаткычта сергиткен жана даамдуу суусундуктун даяр турганы эң мыкты.


Кандай пайдалуу касиеттери бар:


- ашыкча суюктукту организмден алып чыгарып, шишикти басаңдатат;

- тамак сиңирүү процессин нормалдаштырат, ичегилердеги газдын пайда болушун азайтат;

- зат алмашуу процессин калыбына келтирет;

- чачтын жана теринин жалпы абалын жакшыртат;

- денени керектүү суюктук менен каныктырат;

- иммундук системаны көтөрөт.


Арыктоо үчүн жеңилдетилген коктейлдин рецепти ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, аны баары эле даярдап алып колдонсо болот деп ойлойм.
Бул суусундукту төмөнкү шарттарда колдонуу сунушталбайт, эгерде:


- цитруска аллергиясы бар болсо;

- бөйрөк функциясында маселеси болсо;

- ашказан жарасы жана башка ичеги-карын оорулары бар болгон болсо.


Даярдоо үчүн 2 литр ичүүчү суу, 1 орто лимон, 1 орто бадыраң, 10-15 жаңы жалбыз жалбырактары, 1 аш кашык майдаланган имбирдин тамыры керектелет. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн