Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Асылбек Жээнбековго тагылган куру дооматты мезгилдин шамалы тазалайт

22.09.2021 20:56
2351
Асылбек Жээнбековго тагылган куру дооматты мезгилдин шамалы тазалайт


“Кумтөр” ызы-чуусу кыргыз саясатында барган сайын “оборот” алып бараткандай сезилгени менен, коомчулук арасында түрлүү пикирди жаратканы жашыруун эмес. Чындыгында, кыргыз элине Жараткан тарабынан берилген кен байлык өлкө экономикасы үчүн иштеши зарыл! Азыркы бийликтин ушул идеясы Улуттук идеяга айланып, баарыбыз колдоп турушубуз керек. 30 жылдан бери ызы-чуусу түгөнбөгөн “Кумтөр мафиясы” тыкыр иликтенип, улуттун байлыгы болгон алтынга кыянаттык кылгандар, элдин ырыскысына кол салгандар ким экени ачык айтылып, кылгын күнөөсүнө жараша жоопкерчиликти тартышы абзел. Элдин каалоосу дагы ушул. Бирок...

Бирок, кылым афёрасынын башында турган адамдар жоопкерчиликке тартылбай, ээн-эркин басып, кыргыз элине акыл үйрөтүп жатканы үмүткө суу сепкендей болуп жатканын ачык айтуу керек. Кимдир бирөөнүн айтканы же депутаттык комиссия даярдаган Токтомго каршы добуш бергени үчүн күнөөлүү кылып, темир торго олтургузуу туура саясат эмес. Жогорку Кеңештин бешинчи жана алтынчы чакырылышынын төрагасы болгон Асылбек Жээнбеков ушул саясаттын курмандыгы болуп жатканы ачуу чындык. Кептин төркүнү түшүнүктүү болушу үчүн 2012-жылы Садыр Жапаров баштаган комиссия түзүлгөндөн баштасак туура болчудай.

2012-жылдын 15-февралында Жогорку Кеңештин №1642-V Токтому менен “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКтын жаратылыш ресурстарын иштетүүдө талап кылынган нормаларды, экологияга тийгизген таасирин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамына “Ар-Намыс” фракциясынан А. Т. Алтыбаева, Б. Дж. Жетигенов, “Ата-Мекен” фракциясынан Ш. Ч. Айтматова, Т. Балтабаев, “Республика” фракциясынан У. А. Аманбаева, М. Э. Сабиров, “Ата Журт” фракциясынан С. Н. Жапаров, М. А. Султанов, “СДПК” фракциясынан Э. А. Сакебаев, А. Ш. Султанов киришкен.

Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 22-февралындагы №1660-V Токтому менен убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Садыр Жапаров, төраганын орун басары А. Т. Алтыбаева дайындалат. Парламенттин ушул эки Токтомуна тең ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков кол койгон. Демек, Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” маселеси кынтыксыз иликтенип, мыйзамсыз иштер парламент трибунасынан элге ачык айтылышын каалаган десек болот.
Бүгүнкү күндө Асылбек Жээнбеков өзү кол койгон Токтом менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын сунушуна каршы болгон деп айыпталып жатат. Мындай айыптоо чындыгында күлкү келтирерлик. Эң кызык жагдай, комиссиянын курамына кирип, “Кумтөрдү” иликтеген депутаттардын Токтомго добуш бергени көз жаздымда калып кеткени болууда.

Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган Токтомду комиссиянын курамындагы 3 депутат Садыр Жапаров, Айнуру Алтыбаева, Ширин Айтматова гана колдоп добуш берген. У. Аманбаева, Т. Балтабаев, Б. Жетигенов, М. Сабиров добуш беришкен эмес. Э. Сакебаев менен А. Султанов каршы добуш берген болсо, М. Султанов добуш берүүгө катышпаган. Коммисияга мүчө болгон 10 депутаттын жетөөсү Токтомду колдобой коюшкан. Буга Асылбек Жээнбековду күнөөлөгөн туурабы? Комиссиянын курамында болуп, өзү каалагандай добуш беришкен депутаттар үчүн төрага күнөөлүү болушу керек? Асылбек Жээнбеков дагы комиссиянын Токтомуна добуш берген эмес. Эгер каршы добуш берип, баарын үндөгөн болсо, анда башка сөз болмок. Азыркы логика менен карай турган болсок, биринчи кезекте комиссиянын курамында болуп, добуш бербеген, каршы добуш берген депутаттар камалышы керек эле да.

“Кумтөр” маселеси менен депутаттар камакка алынып жатканда, калыс пикирин айтууга жарабаган, башында Садыр Жапаровду мактап, кызмат тийбей калганда “акылы тайкы экен” деп наалыган Каныбек Осмоналиев дагы 2012-жылы парламентте депутат болуп олтурган. Ошол киши Садыр Жапаров баштаган комиссиянын Токтомуна каршы добуш берип, үч фракция биригип алып чыккан Токтомду колдоп добуш бергени факты. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгында ачык эле турат. Каныбек Осмоналиевди дагы Асылбек Жээнбеков коркутуп, каршы добуш бердирбесе керек. Осмоналиев акыйкаттуулуктан тайбашы үчүн өз чындыгын айтса жарашмак. Асылбек Жээнбековдун “Кумтөр” маселесинде ак экенин, эч кандай мыйзамсыз иштерге аралашпаганын ошол кездеги документтер, стенограмма далилдеп турат. Убакыт да муну тастыктайт. Сталин тирүү кезинде “Мен өлгөндө акыр-чикирдин баарын мүрзөмө төгөсүңөр, бирок мезгилдин шамалы баарын тазалайт” деп айткан. Ошол сыңары Жээнбековго айтылган дооматтарды мезгилдин шамалы алыс учуруп алып кетет.

Гулзар Абдимиталипова, журналист

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Айлин
Куноосу жок