Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аскар Акаев: Атамбаевдин түрмөдө отурганы туура эле (Толук видео)

27.04.2021 20:58
4755
Аскар Акаев: Атамбаевдин түрмөдө отурганы туура эле (Толук видео)


Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев абакта олтурган Алмазбек Атамбаев жөнүндө пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Автор тв" каналына берген маегинде билдирген.


Туңгуч президент өзү башкарып турган учур, азыркы Кыргызстандагы абал, үй-бүлөсү жана башка маселелерге токтолгон.


"Ал өзүнүн кадрларын бардык жерге койду. Сапар Исаковду премьер-министр кылып дайындады. Ал өзүнүн ишенимдүү адамы аны угат деп чечип, Жээнбековду президент кылган. Өкмөттүн биринчи жолу конституциялык жол менен алмашканына ошондо кубандым. Бирок Атамбаевдин идеялары ишке ашкан жок. Өзүнүн камалышына өзү салым кошту, анткени буга чейин президенттер камалышы керек деп көп жолу айткан. Менин оюмча, анын  отурганы туура эле. Атамбаев  коңшу өлкөлөрдүн лидерлери менен урушуп көп зыян келтирди. Ар дайым кошуналарың менен дос болушуң керек",- деп билдирген Акаев.



Теги

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
ГҮЛҮЙПА
МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ МАМЛЕКЕТКЕ, ЭЛГЕ КЫЛГАН КЫЯНАТЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН ЖООП БЕРҮҮСҮН ТАЛАП КЫЛАМ. МАМЛЕКЕТТИН РАЗВАЛАНА ТОЛУК КҮНӨӨЛҮ АКАЕВ.
Асаналиев
Ушу озунун турмодо отурушу туураго дейм.
Бекхан
Эшекке жибек тукаба жапсанда эшек бойдон калат деген соз. Акаевге айтылгандай.
Баха
Коңшу өлкөлөр менен дос болуп жүрүп жердин баарын өткөрүп бергени менен иши жок го бул келесоо
Талант Джантелиев
Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт, дегендей, Акаевда бет, уят деген жок экен... Уурунун орду түрмөдө дегендей, Акаев түрмөгө отуруш керек, жок дегенде кыргыз элинен бир кечирим сурап койгон жок...