Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:37
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Аскар Акаев: «Биз Тенгиз Бөлтүрүктү президенттик программа менен Батыштын мыкты ЖОЖдорунда окутканбыз» (видео)

25.05.2021 12:17
2939
Аскар Акаев: «Биз Тенгиз Бөлтүрүктү президенттик программа менен Батыштын мыкты ЖОЖдорунда окутканбыз» (видео)


«Кумтөр» алтын кенинин тегерегиндеги акыркы окуялар тууралуу Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев «Вечер трудного дня» программасында өз пикирин билдирди.


Жалпы жонунан ал кыргыз бийлигинин экологиялык зыяндарды калыбына келтирүү жана беш жылдык салык төлөмдөрүн алуу аракеттерин колдойт. Бирок, бул маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечсе болмок, инвесторлор да ага каршы эмес болчу деп эсептейт. Анын пикиринде алтын кенинин айланасындагы кырдаал ашыкча саясатташып кетти жана башкы максат экологиялык зыяндар үчүн компенсация алууга тоскоолдук жаратат.


«Жападан жалгыз жол, даанышман чечим – бул сүйлөшүү гана, компромисс издөө, ызы-чуусу жок, спекуляциясы жок, жумушчу кабинеттерди тынч талкуулоо. Бирок, тилекке каршы, азыр бул мүмкүн эмес, анын үстүнө депутаттар соттук тартипте чечүүгө басым жасап турушат», - дейт ал.


Анын айтымында Кыргызстандын эл аралык арбитраждык сотто утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү 2009-жылдагы келишимден улам жогору эмес.


Мындан сырткары ал Тенгиз Бөлтүрүк тууралуу өз пикирин айта кеткен.


«Мен аны билбейм, адамдык жана менеджерлик сапаттары тууралуу эч нерсе айта албайм, бирок ал жогорку профессионалдуу инженер экенине ишенем. Себеби 20 жыл мурун биз аны «XXI кылымдын кадрлары президенттик программасы боюнча жөнөткөнбүз. Биз анда өтө таланттууларды тандап түрдүү мамлекеттерге окууга жөнөткөнбүз. Биз аны дагы ушул программанын стипендиясы менен колдогонбуз жана ал Батыштын алдыңкы ЖОЖдорунда окуган», - дейт Аскар Акаев.


Ал Кыргызстан алтын кенин мындан ары деле иштете аларын, бирок өнөктөштөр менен иш кандай жүрөрүн жана ал канчалык эффективдүү болору белгисиз экенин айтат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн