Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:38
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Аскар Салымбеков: “Эмгек” партиясы эл үчүн кызмат кылууга бел байлады

09.04.2021 14:00
2183
Аскар Салымбеков: “Эмгек” партиясы эл үчүн кызмат кылууга бел байлады


Белгилүү меценат, “Эмгек” партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков бишкектиктерди аталган саясий бирикмеге добуш берүүгө чакырды.


Биз 2011-жылы жакшы тилек, аруу максат менен “Эмгек” партиясын түптөп, бүтүндөй өлкө боюнча иштей баштаганбыз. Биздин катарга жалпы аймактардан 150 миңдей адам мүчө болгон. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жакшы көрсөткүчкө жеткенибиз менен парламентке өтпөй калганбыз. Эми бул окуяга тарых өз баасын берер, - деди Салымбеков.


Анын айтымына караганда, учурда саясий күчтөрдүн тең укукта атаандашуусуна жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. Мамлекеттин жетекчилери да тазаланууга, ачыктыкка багыт алууда. Мындай көрүнүш көпчүлүктүн үмүтүн жандырууда. “Эмгек” партиясы мыкты командасы менен эл үчүн кызмат кылууга бел байлады.


Алдыдагы саясий өнөктүктөр таза, тынч өтүшүн каалаймын. Ошондой эле “Эмгек” партиясына ийгилик жылмайсын деп тилеймин. Бул саясий уюмдан депутаттыкка аттанган талапкерлер өз убадаларын толугу менен аткарат деп терең ишенем. Мамлекетибизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун”, - деп кошумчалады ал.


Демилге, эмгек, натыйжа үчүн иштеген “Эмгек” партиясынын шайлоо бюллетенинде 22-номердебииз.


***“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн