Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Аскер институтунун аскер кызматкери өзүн өзү атып, каза болду

19.08.2022 11:23
413
Аскер институтунун аскер кызматкери өзүн өзү атып, каза болду

Куралдууу күчтөрүнүн Аскер институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка караганда, окуя кечээ, 18-августта болжол менен саат 22:10до катталган.


Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жараттын кесепетинен жеринде каза болгон.


Министрликтен кошумчалашкандай, учурда кызматтык иликтөө дайындалган. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.


Кошумчалай кетсек, Аскер институту, Коргоо министрлиги, МУККтун Ички аскерлери, Чек ара аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматы үчүн адистерди даярдайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн