Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Аскер кызматкерлерин маянасын эки эсеге көтөрүү пландалууда

12.11.2021 13:39
503
Аскер кызматкерлерин маянасын эки эсеге көтөрүү пландалууда

Коргоо министрлиги аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатуу пландоодо. Бул тууралуу  Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.


Анын айтымында, учурда аскер кызматкерлери бир ай кызмат өтөсө, анда алардын маянасы кызмат өтөгөн жерине карабастан бир жарым ай катары төлөнөт. Кооптуу аймактарда кызмат өтөгөндүгү үчүн кошумча 1000 сом төлөнөт.


“Министрлер кабинетине аскер кызматкерлеринин эмгек акысын эки эсеге көтөрүү боюнча сунуш киргиздик. Мындан тышкары, өзгөчө шарттарда кызмат өтөгөндөргө эмгек акысынын 30% өлчөмүндө кошумча каражат берүү каралууда”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн