Аскер комиссариаттарынын үч кызматкери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-ноябрда КР Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери камакка алынды. Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" жана "Опузалап пара алуу" беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалды.
Учурда аскер прокуратура органдары тарабынан кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн