Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Аскер прокуратурасы 20,3 млн сомдук зыянды мамлекетке кайтарды

23.12.2020 11:47
780
Аскер прокуратурасы 20,3 млн сомдук зыянды мамлекетке кайтарды

2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата 21 жазык иши тергелип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 млн. 328 миң 757 сомду түзгөн материалдык зыян оордуна коюлган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Ал эми, тергөөнүн жүрүшүндө 13 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, анын жыйынтыгы менен 7 жазык иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш кыскартылган.


Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасына карата жазык иштер жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн