Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аскердик билеттерди мыйзамсыз берип жүргөн аскер комиссариатынын башчысы кармалды

12.09.2022 11:50
550
Аскердик билеттерди мыйзамсыз берип жүргөн аскер комиссариатынын башчысы кармалды

Аскер комиссариатынын башчысы коррупция боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.


Белгилүү болгондой, УКМК тарабынан органдардагы системалуу коррупцияны аныктоо жана жоюу, өлкөнүн коопсуздугуна зыян келтирүүчү факторлорго жана шарттарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 9-сентябрында кылмышка шектүү делип КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча мыйзамсыз аскердик билеттерди берүүдө системалуу иш-аракеттерди уюштурган райондук аскер комиссариаттарынын биринин башчысы кармалды.


Кармалган адам КР УКМКнын тергө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Учурда КР УКМК тарабынан өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө зыян келтирген коррупциялык иштерге тиешеси бар, КР Коргоо министрлигинин аскерге чакыруу системасынын кызмат адамдарынын бул ишке тиешеси

бардыгын аныктоо боюнча кийинки атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн