Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон токтомго ылайык, Ысык-Көлдөгү Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү.
Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
- Асман экологиялык таза шаарын долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчынын функцияларын аткаруу;
- инвестицияларды тартуу жана ресурстук камсыз кылууну башкаруу;
- долбоорго мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн