Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 12:52
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы болуп, «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү

05.04.2024 12:06
416
Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы болуп, «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү


3-апрелде Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы болуп, алгач «Бейиш эненин таманында» тасмасы көрсөтүлдү.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 18-19-апрелдеги Казакстанга расмий сапарынын алдында өттү.

Тасма башталар алдында, Казакстандын Парламентинин Мажилисинин, министрлик жана ведомстволордун, анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин, Астана шаарынын акимчилигинин, дипломатиялык корпустун, массалык маалымат каражаттарынын жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү чогулган аудиториянын алдында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев жана Казакстан маданият жана маалымат министерлигинин Маданият башкармасынын төрайымы Кумис Сеитова сөз сүйлөштү.

Кеченин атайын коногу КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов болду. Ал ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын19-жолугушуусуна катышуу үчүн Астанага барган.

Элчи Дастан Дюшекеев белгилегендей, «Бейиш эненин таманында» тасмасынын айрым бөлүгү достук мамилелеш Казакстандын аймагында тартылган.

Белгиленгендей, тасма март айында Кыргызстандын жана Казакстандын бардык кинотеатрларында дээрлик бир убакытта чыккандыгы, Кыргызстандагы киножаратуучулар менен Казакстандын кинокоюучуларынын ортосундагы кызматташтыктын ырааттуулугун айгинелеп турат.

"Кыргыз тасмасы чыныгы сенсация жаратып, бир дагы көрүүчүнү кайдыгер калтырган жок", - деп белгилешти элчиликтен.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Каниет
Ата энеме корсоту
Каниет
Женеме корсоту