Кулжа 12, 2025
Убакыт: 21:11
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Астанада эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо маселеси талкууланды

11.06.2025 10:30
46
Астанада эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо маселеси талкууланды


Астанада өтүп жаткан Кыргызстан менен Казакстандын Парламенттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштарын чыңдоо жаатындагы сунуштары менен бөлүштү.


Парламенттен билдиришкендей, өз баяндамасында комитет төрагасы акыркы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, ушул жылдын алгачкы үч айында 327 млн АКШ долларынан ашканын мисал кылды. 


“Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га көп. Андыктан, жигердүү өнүгүп жаткан алакаларды дагы тереңдетип, 2030-жылга чейин соода байланыштарды 3 млрд долларга жеткирүү тууралуу мамлекет башчылары тарабынан коюлган максатка карай активдүү кадам шилтей беришибиз керек”, - деди Улан Примов. 


Ошондой эле Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу да кеңири кеп кылган комитет төрагасы каржы системасын жаңылоо жаатында жасалып жаткан иштерге токтолду. 


“Айрыкча өндүрүш тармагын колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга артыкчылыктар берилүүдө. Анын ичинен тоо-кен, металлургия, гидроэнергетика, кайра иштетүү өндүү тармактарга инвестиция тартуу үчүн керектүү шарттар түзүлүүдө”,- деген Жогорку Кеңештин депутаты казакстандык өнөктөштөрдү аталган багытта тыгыз иш алып барууга чакырды. 


Муну менен катар эки өлкө ортосундагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү, өндүрүштүк кооперациялардын ишин жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду колдоо, соода-логистикалык жайлардын ишин жакшыртуу жаатында демилгелерди көтөрдү. 


“Бул жана башка багыттагы алакалар соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого гана өбөлгө түзбөстөн, эки өлкөнүн биргеликте өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ишенем”, - деди Улан Примов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн