Казакстандын борбору Астана шаарында "Борбор Азия – Кытай" эл аралык медиафоруму өз ишин баштады. Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнөн — Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген медиа тармагындагы өкүлдөр катышууда. Жалпысынан 200гө жакын делегат, анын ичинде алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилери жана медиаэксперттер чогулду.
Иш-чаранын башкы максаты — заманбап шарттарда маалымат каражаттары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу. Эки күнгө созула турган форумда панелдик сессиялар жана тегерек стол форматындагы талкуулар өтөт.
Негизги темалардын катарына: маалымат каражаттарынын санариптик трансформациясы, жасалма интеллект технологияларынын таасири, креативдүү индустриялардын келечеги, маалыматтык коопсуздук, фейк жаңылыктар менен күрөшүү жана медиасабаттуулук маселелери кирет.
Аталган иш-чараны Казакстан президентинин Телерадиокомплекси менен биргеликте Кытайдын «Жэньминь жибао» басылмасы уюштурууда.
Иш-чара Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болуп, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги медиа байланыштардын жаңы этабын баштоого өбөлгө түзөөрүн катышуучулар белгилешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн