Нарын облусунун Ат-Башы районунда 31 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баш-Кайыңды айылындагы мечит жамааты 49 000 миң сом чогултуп, айылдагы муктаж 21 үй-бүлөнүн ар бирине 2000 сомдук азык-түлүктөрдү таркатышкан.
Ошондой эле, Өзгөрүш айылынын мечит жамааты 15000 миң сом чогултуп, 10 муктаж үй-бүлөгө жардам баштыктарын беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн