Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 07:34
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Ат-Башынын милициясы элди жөнү жок көчөдө жүрбөй, үйдө болууга үндөдү (сүрөт)

23.06.2020 13:07
1007
Ат-Башынын милициясы элди жөнү жок көчөдө жүрбөй, үйдө болууга үндөдү (сүрөт)

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тиешелүү мекеме кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында жайгашкан 21 орто мектептин окуучулары жана ата-энелери менен жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалымтка караганда, жыйын үй-бүлөлүк зомбулук, окуучулар арасында кылмыштуулукту, эрте никеге туруу, адам сатуу, өзүн-өзү өлтүрүү, жол коопсуздугун алдын алуу максатын көздөдү. Андан сырткары,  COVID-19 илдетинин жайылышын  алдын алуу багытында  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 


Ошондой эле,  каникул башталгандыктан жаш өспүрүмдөрдүн сууга түшүү учуру келгендигине байланыштуу жаш жеткинчектердин  сууга чөгүү кырсыктарын алдын  алуу,  коопсуздук эрежелерин жана санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо максатында Ат-Башы райондук ӨКМдин кызматкерлери, социалдык өнүгүү башкармалыгын кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирген тыюу салынган жерлерге, терең көлмөлөргө, агымы күчтүү каналдарга атайын эскертүүчү белгилерди орнотуу менен кээ бир жерлердин белгилери өчүп калгандыктан жаңыланып жазылды. 


Ат-Башы РИИБи жайкы каникул убагы болгондугуна байланыштуу балдарга көзөмөлдү күчөтүп, кайдыгер карабоого, максатсыз көчөөгө чыкпоо жана жугуштуу оору күч алып жаткандыгына байланыштуу өздүк тазалыкты туура сактап, үйдө болууга чакырат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн