Бугу 19, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ат жалында кайгуулда жүрүшкөн милициянын кайгуул кызматынын Кавалериялык взводу

14.07.2021 15:35
958
Ат жалында кайгуулда жүрүшкөн милициянын кайгуул кызматынын Кавалериялык взводу


ИИМдин тутумундагы Кавалериялык взвод 1990-жылы 10-июнунда түзүлгөн. 2019-жылы Бишкек ШИИББи боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын курамына кирген. Кавелериялык взвод негизинен коомдук коопсуздукту сактоо максатында сейил бактарга кайгуулга чыгат, чет өлкөдөн келген конокторду тосуу, узатуу иш-чараларында, мамлекеттик резиденцияда өз милдеттерин өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ошондой эле айрым учурларда болуп келген массалык баш аламандыктарда да коомдук коопсуздукту сактоо иретинде кавалериялык взвод тартылат. Учурда Кавалериялык взводдо 21 ат бар. Ал эми кызматкерлер мурда атайын жөндөмүнө карата тандалып алынса, азыр Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын тутумуна кирип калгандыктан аталган кызматка бекитилген жалпы сынактын негизинде тандоо менен алынат. Кызматтык аттардын аты, жылы жазылган атайын документтери дагы бар. Бекитилген документте аттын дарылоо, мөөнөтү менен кароо жүргүзүү иштери дыкат жазылып турат. 


Бүгүнкү күнү Кавалериялык взводду милициянын улук лейтенанты Насакеев Улан Абдулкеримович жетектейт.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн