Кечээ, 16-июнда Бишкек шаарында куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, нөөмөт бөлүмгө "Ата-Түрк" эс алуу сейил багында куураган чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 19:22де бир бөлүм тартылган. Натыйжада ачык аянтта 40 чарчы метр куураган чөп жана бак күйгөн, өрт толугу менен саат 20:10до өчүрүлдү. Өрттүн себеби учурда такталып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн