Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:59
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

«Ата-Журт Кыргызстан» №21. Айбек Маткеримов: “Сиздерден – ак добуш, бизден – ак кызмат!”

01.11.2021 18:34
1083
«Ата-Журт Кыргызстан» №21. Айбек Маткеримов: “Сиздерден – ак добуш, бизден – ак кызмат!”


Кыргыз эли эч убакта ачкачылыктан, же өзүнүн кандайдыр бир тиричилик муктаждыгынын айынан революция жасаган эмес. Кыргыз эли акыйкатсыздыкка туруштук бере албаганы үчүн, акыйкаттуулук издеп революция жасаган! Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Кант шаарынын шайлоочулары менен бүгүн, 1-ноябрдагы жолугушуусунда, партия лидери Айбек Маткеримов айтты.




“Мен ойлойм, мындан ары биз көчөгө чыгып революция жасабайбыз, биз ар бирибиз өз жүрөгүбүзгө революция жасайбыз! Ал үчүн 28-ноябрда, шайлоодо элге кызмат кыла турган партияны, туура талапкерди тандап алышыбыз керек! Ошондо, мамлекеттин өнүгүүсүнө чыныгы салым кошкон болобуз!


Биздин партиянын урааны – тарыхты эстемейинче, келечекке кадам ташташ кыйын. Бизге чейинки кээ бир саясатчылар кетирген катачылыктарды, ал катачылыктар мамлекет үчүн кандай баага тете болгонун ар дайым эстеп, алардын жаңылыштыктарын кайталабаш, жол бербеш үчүн тарыхты көкүрөккө бек сакташыбыз керек!


Мен сиздерге ишенем, баарыңыздардын тилегиңиздер Кыргызстанды өнүккөн өлкө катары көрүүгө, балдарыңыздардын жаркын жашоодо жашашына арналып турат. Ар бириңиздердин балаңыздар, неберелериңиздер бар. Шайлоо күнү добуш берип жатканда ошол балдарыңыздарды көз алдыңыздарга келтирип: “Буларга кандай жашоо тартуулайын деп жатам, болбогон акчага алардын келечегин сатамбы же туура тандоо жүргүзөйүнбү?” – деген суроону өзүңүздөргө бериңиздер! Ошондо, туура тандоо жасайсыздар, таза шайлоо болот! Биз айрым талапкерлер үйрөнгөн адат калбайт дегендей, мурдагыдай эле акчанын күчү менен депутат болууга умтулуп жатышканын угуп атабыз. Бирок аларды жамандабайбыз, биз программабыз, ак тилегибиз, таза ниетибиз менен сиздердин ак добушуңуздарды алып, ак кызмат кылып беребиз!” – деди Айбек Маткеримов.


 



Ал “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын программасы Ата -Журт Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда деп аталаарын белгиледи.   


“Программабыз 7 багыттан турат, мен алардын негизгилерине токтоло кетейин. Биздин максат – билимдүү жана дени сак эл менен өнүккөн өлкөнү куруу! Билимдүү жаштарды тарбиялаганда гана ийгиликке жетишебиз! Билим болбосо спорт, медицина жана башка бардык тармактар өнүкпөйт, тармактар өнүкпөсө экономика алдыга жылбайт. Бардык тармак билимге көз каранды. Бир улуттук идеологияны карманып, балдарыбызга бала бакчадагы курагынан тартып сиңиришибиз керек. Мына ошондо, өлкө келечегине туура салым кошкон болобуз”, - деди Айбек Маткеримов.


Ошондой эле, коррупция менен күрөштү колдой турганын белгиледи:


“Акыркы учурда коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатканына баарыбыз күбөбүз. Биздин элибизге Алла Таалам кооз жер менен кошо түгөнбөгөн байлыкты берген окшойт, коррупционерлер 30 жыл кемирсе да бир былк этпей турат. Биз коррупцияга каршыбыз!”




Партия лидери шайлоочуларды татыктуу талапкерге добуш берүүгө үндөдү:


“Биздин максатыбыз – келечекте өнүккөн өлкөнү келечек муунга калтыруу. 30 жыл мурда эгемендүүлүк алганда эл көп жакшы нерселерге ишенген эле. Өз тагдырыбызды колубузга алдык, эми өнүккөн өлкөгө айланабыз деген үмүт ар бирибиздин жүрөгүбүздө жанган. Бирок коррупционерлер, өз кызыкчылыгын баарынан жогору койгон бир ууч топ саясатчылар ал үмүтүбүзгө суу септи. Жаңы бийлик келгенден баштап мурда өлкөнү башкарган жетекчилер, айрым саясатчылар кандай чыккынчылыкка, жемкорлукка барганы ачыла баштады. Мындан ары андай терс көрүнүштөргө жол бербөө – сиздердин колуңуздарда. Туура тандоо – келечекке туура жасалган кадам!” – деди Айбек Маткеримов.




Жолугушуу соңунда Кант шаарынын жашоочулары “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына ак жол каалашып, бата-тилектерин айтышты.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн