Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 00:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Айбек Маткеримов: Өнүгүү үчүн билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу керек!

12.11.2021 15:16
618
“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Айбек Маткеримов: Өнүгүү үчүн билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу керек!


Кыргызстан эли мындан ары ката кетирүүгө акысы жок! Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын бүгүн, 12-ноябрда Жалал-Абад шаарынын шайлоочулары менен болгон жолугушуусунда лидер Айбек Маткеримов билдирди. 


“Буга чейин көп жолу шайлоолор болду, көп ирет депутаттарды шайладык. Анын жыйынтыгына баарыбыз күбөбүз. Эми андай каталарды кетирүүгө акыбыз жок! Туура тандоо жасап, татыктуу талапкерлерди жана партияларды шайлап алаарыңыздарга ишенем!” – деди лидер. 


Андан ары “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын программасы тууралуу айтты: 


“Биздин партия жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоого катышып, 17 шаарда ийгиликке жетиштик. Бул биздин партиянын элге кызмат кылганын, элдин ишенимине киргенин билдирет. Мындан ары да эл үчүн кызматыбызды кыла беребиз!  Мен сиздерден “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын колдоп берүүңүздөрдү суранам. Биз Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолунда деген ураан менен аламан жарышка аттандык. Негизги багытыбыз – социалдык, саясий, экономикалык жана каржылык туруктуулукка өлкөнү алып келүү. Кайсы жерде туруктуулук болсо, ошол жерде өнүгүп- өсүү орун алат”, - деди Айбек Маткеримов. 


Ошондой эле, ал коомдогу көйгөйлөргө токтолду. 


“Өлкөбүздө социалдык маселелер абдан көп. Билим берүү системасында да орчундуу мүчүлүштүктөр жаралды. Мугалимдерибиздин айлык акысынын аздыгы жана мектептердин жетиштүү курулбаганы бул тармактын көйгөйүн көбөйттү. Биздин негизги максатыбыз – мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу. Анткени, билимсиз эч бир тармак өнүкпөйт. “Кайсы өлкөнү алсыратам десең, биринчи ошол өлкөнүн билим берүү системасын алсырат” деген сөз бар. Баарыбыз келечек жаштардыкы дейбиз. Эгер ошол сөздөр чын жүрөктөн чыгып жатса, анда ошол жаштарга бала бакчадагы кезинен тартып шарт түзүүгө милдеттүүбүз! Азыр балдарыбыз төрөлгөн күнүнөн тартып тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга туш болушат. Медицинабыздын абалы кандай экени баарыбызга маалым. Мисалга Жалал-Абад шаарындагы төрөт үйүн эле алалы, акыбалы өтө начар. Биз ал жерге перинаталдык борбор куралы деп атабыз, себеби, ар бир жаранга жарык дүйнөгө келген алгачкы мүнөтүнөн тартып шарт түзүүгө тийишпиз. Ошондо, өнүгүүгө кадам ташталат”, - деди Айбек Маткеримов.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн