Чын курандын 16, 2024
Убакыт: 17:26
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.970

“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Бактияр Калпаев: Жакынкы жылдары Баткен электр энергия менен өзүн өзү камсыздайт!

10.11.2021 21:49
1044
“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Бактияр Калпаев: Жакынкы жылдары Баткен электр энергия менен өзүн өзү камсыздайт!


Чек ара тынч болбосо, өз коопсуздугубузду биринчи орунга койбосок, мамлекетте болуп жаткан башка самаалыктардын баасы жок болуп калат. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын бүгүн, 10-ноябрда Баткен шаарынын шайлоочулары менен жолугушуусунда талапкер Бактияр Калпаев билдирди. 


Ал эгемендүүлүк алгандан бери Баткенге алгач ирет өзгөчө статус берилип, 500 миллион сом бөлүнгөнүн, бирок анын шарапатын эл анчалык сезбей жатканын билдирди. Бул механизмдердин жакшы иштелип чыкпаганына байланыштуу болууда жана депутат болуп калса кесиптештери менен биргеликте механизмдерди жакшыртууга күч-аракетин жумшоого убада берди. 


 “Баткенде мурдагы өкмөт башчы Танаевдин убагында курулуп баштап, кийин токтоп калган поликлиника бар болчу. Мен Жогорку Кеңештин аппаратында иштеп жүргөнүмдө кабинеттен кабинетке чуркап жүрүп, бул маселенин чечилишине салым коштум. Азыр поликлиника иштеп жатат. Андан сырткары, Кыргызстандын энергетикалык потенциалы 142 млрд. кВТ/саатты түзөт, азыркы күндө анын 10 пайызын гана иштетүүдөбүз. Күн сайын үнөмдөө иретинде үйүңүздрдө жарык өчүп жатат. Биз өзүбүздүн каражаттын эсебинен Баткенге ГЭС кура баштадык. Ал беш каскаддан турат, июнь айында башталган болчу, биринчи каскады декабрда ишке берилет. Беш каскады тең толук ишке киргизилгенде Баткен электр энергия менен өзүн өзү камсыздап калат”, - деди Калпаев. 


Ошондой эле, ал партиянын программасы менен катар өзүнүн программасын да иштеп чыкканын, анда Баткендеги бардык айылдардын көйгөйлөрү камтылганын, алардын баары ишке аша турганын белгиледи. 


“Менин жашым 28де. Колумдан келбеген убаданы бербейм, анткени, дагы 30-40 жыл саясий аренада жүрүшүм керек. Үймө үй кирип акча таркатпайм. Менин Исхак Разаковдун жолун жолдосом деген тилегим бар. Депутат болбой туруп, ГЭСтин курулушуна, поликлиниканын ишке берилишине салым коштум, Кудай буйруп сиздер колдоп парламентке барып калсам, аткара турган иштерим мындан да көп болот”, - деди Бактияр Калпаев.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Турдубай уулу Алтынбек
Аллах ыраазы болсун!!! Ушундай жаштарга жол берүү керек... Биз Баткен эли сени менен!!!