Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:32
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Берадор Борбуев: Улутубуздун уңгусун маданиятты көтөрүү менен сактап калабыз!

14.11.2021 15:22
1322
“Ата-Журт Кыргызстан” №21. Берадор Борбуев: Улутубуздун уңгусун маданиятты көтөрүү менен сактап калабыз!


Маданияты жок эл болбойт. Улуттун улуулугу маданият тармагына жетиштүү көңүл буруу менен гана даңазаланат. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын бүгүн, 14-ноябрда Токтогул жергесинин тургундары менен жолугушуусунда талапкер Берадор Борбуев билдирди.


Ал 30 жылдан бери Кыргызстанда маданият тармагына көңүл бурулбай келгенин жана бул менен улут көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгарганын белгиледи. 


“Маданият жаатынын өкүлү болуп, бир гана Токтогул элине эмес, жалпы кыргыз элине кызмат кылып келдим. Мен жараткан чыгармалар мен кыргызмын дегендердин, алар дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун,  жакшылыктарында жаңырууда. Бирок маданият тармагы 30 жылдан бери мамлекеттин көңүл сыртында калды, биз, анын өкүлдөрү канчалык коңгуроо каксак да, үнүбүздү уккандар болбоду. Маданият – бул улуттун каада-салты, үрп-адаты, баалуулугу. Башка улуттардан бизди эмне өзгөчөлөнтүп турса, ошол маданиятка кирет. Маданиятка көңүл бурулбагандын кесепети эмнеге жеткиргенине баарыбыз күбөбүз. Жаштарыбыз башка тилде сүйлөп, башка тилдеги ырларды угуп, түшүнүгү, аң-сезими кыргыз деген башаттан алыстап кетти. Улутубуздун уңгусун жоготуп алуубузга аз калды... Менин депутаттыкка талапкерлигимди коюу чечимим ушуга байланыштуу – биз кыргыз деген башатыбызга кайрылышыбыз керек. Улутубуздун баалуулуктарын көтөрүүгө арналган иш аракеттерди жасайлы. “Кайсы бир улутту же мамлекетти жок кылыш үчүн чаап алуунун кереги жок, анын маданиятын гана жок кылуу жетиштүү, маданият жоголгон улут өзүнөн өзү жок болот” – деген сөз бар. Ошондуктан, маданиятты стратегиялык багытта айлантуу зарыл! Улутубуздун улуулугун даңазалоо менен экономикабызды да көтөрө алабыз!” – деди Берадор Борбуев.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн