Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:32
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

«Ата-Журт Кыргызстан» ишенимдүү келатат!

16.11.2021 15:06
1142
«Ата-Журт Кыргызстан» ишенимдүү  келатат!


Ошентип, парламенттик шайлоонун алкагындагы шайлоо өнөктүктөрү кызуу жүрүп, добуш берүү күнү да жакындап келатат. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын курамында кайсы партиялар болору болжолдуу түрдө  эмитен белгилүү боло баштады. Шайлоодо жеңишке жетишчү партиялардын тизмесин «Ата-Журт Кыргызстан» ишенимдүү трүдө баштап келатат.  Кайсы маалымат каражаттары, сурамжылоо агенттиктери жүргүзүлгөн сурамжылоолорду  карабайлы, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы көпчүлүк мандатка ээ болору айтылууда.  Ачыгын айтканда, шайлоонун жыйынтыгы ушундай болору күтүлгөн болчу, мындан башкача болору да  мүмкүн эмес эле. 


Атажуртчулардын көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуп, ишеним арттырып жатканынын себеби эмнеде? Эң биринчи кезекте партиянын курамы элдин көңүлүн буруп жатканын баса белгилеп кетели.  Себеби, «атажуртчулар» айрым партиялардай  эптеп эле добуш алып, партиянын финансылык ресурсун жакшыртуу үчүн өз катарларына «кудайдан жөө качкан», коррупциялык, мыйзамсыз иштери менен аты чыккандарды, элдин кыжырын келтирчү одиоздук фигураларды кошушкан эмес. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо жеңишке жетишип, саясий салмагы оорлошуп, таасири артып бараткан партиянын курамына киргизи келген капчыктуулар болбоду дейсизби? Албетте, жетишерлик эле болгону талашсыз. Бирок партиянын жетекчилиги принципиалдуу түрдө мурда, кийин жаман иштерге аралашпагандарга басым жасаганы мактоого арзырлык көрүнүш. Партиянын курамын сыдыргыдан өткөрүп,  коррупциялык, мыйзамсыз иштерден алыс, өлкө, эл үчүн ак иштеп келатышкан мурдагы чиновниктер, ар дайым чындыкты айып келаткан коомдук ишмерлер, активисттер, жаратмандар экенине күбө болосуң. 


Андыктан «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 28-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен  көпчүлүк мандатка ээ болсо, ага таң калбайлы. Анткени, эл эски жүздөрдөн, элдин көөнүнө көк таштай тийген фигуралардан жадады. Шайлоочулар жаңы жүздөрдү, булганбаган, таза адамдарды парламенттен көргүсү келүүдө. «Атажуртчулар» мына ошондой команда менен жеңишти көздөй  келатышат.


***«Ата-Журт Кыргызстан» СПнын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн