УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев менен президент Садыр Жапаров лидер болгон “Ата Журт” менен “Мекенчил” партиялары бирикти. Бул тууралуу Ташиевдин жакын адамдарынын бири Шүкүрбек Эркебаев билдирди.
“Урматтуу мурунку ата-журтчулар жана мекенчилдер! Шаардык жана жергиликтүү кеңештерге айдын 21-күнү, 21-жылы, 21-кылымда кабыл алынган "Ата-Журтум Кыргызстан" саясий партиясы менен шайлоого катышуу чечими кабыл алынды. Жаңы партиябыз куттуу жана акжолтой болсун!”, - дейт ал.
Ал эми партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адинай Марипова өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу "Ата-Журт" менен "Ата-Журтум Кыргызстан" таптакыр эки башка партия..." деген билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн