Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Атак-даңк уу сыяктуу, ал аз өлчөмдө болсо гана пайдалуу

21.09.2023 14:29
276
Атак-даңк уу сыяктуу, ал аз өлчөмдө болсо гана пайдалуу


Башына таажы кийгиси келген киши анын оордугуна да чыдашы керек.

(Ким Тан)


Атак-даңкым канчалык көбөйгөн сайын мен маңыроо болуп баратам, кыязы, атактуулуктун эрежеси ушундай окшойт.

(Альберт Эйнштейн)


“Атак-даңк эмне?” десе, бул – жалгыздык турбайбы...

(Коко Шанель)


Атак-даңктын жолдошу – бул жалгыздык.

(Фаина Раневская)


Кекирейүүчүлүк жана кербезденүү – пас адамдар атак-даңкты ушундай элестетишет.

(Брюс Ли)


Атак-даңк да жешилет.

(Наполеон Бонопарт)


Атүгүл атак-даңкка каршы трактаттарды жазган философтор да китебинин башына өз аттарын койгонду унутушкан эмес.

(Марк Туллий Цицерон)


Атак-даңктын жаман жагы барбы? Албетте, бар. Супермаркеттен уурулук кыла албайсың.

(Джим Керри)


Атак-даңк белгилүү кишиге пайда деле бербейт. Бирок, фанаттар ага муктаж.

(Тодд Ватерсон)


Эсиңде болсун: сен атак-даңктын аптабында турганыңда атаандаштарыңдын бир артыкчылыгы бар – алар көлөкө жерде аңдып турушкан болот.

(Станислав Ежи Лец)


Мурдагы атагың менен согушту жеңе албайсың.

(Орус накылы)


Атак-даңкка жетишкиң келеби? Узакка созулган машакаттуу ишке даяр бол.

(Джоан Роулинг)


Адамзат кылымдар бою Кудайга ишенип келишкен. Бүгүн болсо ал өзү Кудай болгусу келип калды.

(Фредерик Бегбедер)


Атак-даңк эмгектин колунда.

(Леонардо да Винчи)


Эгер кааласаң баатыр болуш үчүн өл, бирок эч качан атактуу болуш үчүн өлбө.

(Дэйв Лабрачио)


Биздин атак элдин пикири менен гана жаралат.

(Уильям Шекспир)


Алкоголь, атак-даңк, акча – мунун баары тест. Эгер сен ушунун баарынан өтүп, адам бойдон калсаң, анда сынактан өтүпсүң.

(Роджер Дэвид Гловер)


Аңга түшүп кеткендин эмнеси жакшы, билесиңби? Ал жерде бир гана жол бар – жогору жакка, атак-даңкка кетчү жол.

(Белгисиз автор)


Атагың аз болсо, эркиндигиң көп болот.

(Виктор Гюго)


Мен мындан ары күбөлүк албай жүрөйүн деп чечтим. Эмне үчүн дебейсиңерби? Адамдар мени өңүмөн эле таанууга тийиш.

(Сью Сильвестр)


Атак-даңк, ийгилик адамды өзгөртпөйт, ал анын ичиндеги жакшы-жаман нерселерди гана сыртка чыгарып коёт.

(Наталия Орейро) 


Жылдыз болор замат сен өлдүң. Же тирүүлөй бальзамдалдың.

(Дастин Хоффман)


Көгүчкөндү жеңген бүркүткө эч кандай атак деле алып келбейт.

(Джованни Боккачо)


Атак-даңк бир эле учурда бата да, каргыш дагы.

(Билл Каулитц)


Адамдарды кылыч эмес, атак-даңк, алтын, калп жок кылды.

(Булат Окуджава)


Атак-даңк сени эмес, досторуңду өзгөртөт.

("Хеппи Энд" тасмасынан)


Атак-даңк – бул сен тааныганды каалабаган кишилер сени тааныганы.

(Натали Клиффорд Барни)


Көп кишилерге атак-даңкты душмандары тартуулашкан.

(Бальтасар Грасиан-и-Моралес) 


Атак-даңк, атактуулук алыстан караганда, сен ал тууралуу кыялданып жүргөн кезде гана таттуу.

(Александр Куприн)


Байлык көп өтпөй сага жолтоо боло баштайт. Мага ишенип кой, ал сени көрүнүктүү адам болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

(Оноре де Бальзак) 


Арстан өз версиясын айтмайынча, аңчылык жөнүндөгү баян мергенчинин гана атагын чыгарат.

(Африка накылы)


Атак-даңк уу сыяктуу, ал аз өлчөмдө болсо гана пайдалуу.

(Оноре де Бальзак) 


Мундирдеги такты орден менен жашырып койсо болот.

(Евгений Кащеев)


Атак-даңкка алпарчу биринчи кадам – бул ушак-айыңдар.

("Телефонная будка" тасмасынан)


Мен тууралуу ушак-айың, жаман сөздөр көп айтылат. Бул да болсо менин атак- даңкымдын "пайдасы".

(Криштиану Роналду)


Эгер атак-даңк сени өзгөрткөн болсо, демек, ал сага пайда келтирбептир, жолтоо болуп, личность катары жок кылып баратыптыр. 

(Никита Михалков)


Балаңды атак-даңкка кызыкпаганга үйрөт, мындан ал аброй, кадыр-барк гана табат.

(Иоанн Злотоуст)


Атак-даңктын дүйнөсү өтө жаман, андан алыс болгула.

(Эванджелин Лилли)


Атак-даңк – бул адамдан бетин буза турган маска. 

(Джон Апдайк)


Атак-даңк – жылан. Анын уусу мага эч качан жетпесе экен...

(Василий Розанов)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн