Америкалык Forbes журналы эң жогорку акча төлөнүүчү 100 атактуулардын ысымдарын атады. Алардын жалпы кирешеси жыл жыйынтыгы боюнча 6,1 млрд долларга жетти, бирок бул 2019-жылга салыштырмалуу 200 миллион долларга азыраак. Быйыл рейтингдин алдыңкы саптарын 23 жаштагы америкалык модел Кайли Дженнер ($590 млн) менен Канье Уэст ($170 млн) ээлешти. Үчүнчү орунга швейцариялык теннисчи Роджер Федерер ($106,3 млн) жайгашты. Ал эми өткөн жылдагы рейтингдин лидери Тейлор Свифт үчүнчү ондуктун этегинен орун алды.
Быйыл биринчи ондуктун төртүнчү сабын португалиялык футболчу Криштиану Роналду ($105 млн), бешинчисин “Барселонанын” аргентиналык форварды Лионель Месси ($104 млн) ээлешти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн